Яндекс.Плюсту кошуп алуу
Яндекс.Плюс — бул Яндекстин сервистерине бирдиктүү жазылуу системасы.
Аккаунтту кантип жөндөсө болот?
Алгач сиздин телефон номериңиз Яндекстеги аккаунтка байланганына көзүңүз жетсин:
- Яндекс.Паспортто аккаунтту башкаруу баракчасына өтүңүз. Почта кутулары жана телефон номерлери бөлүмүндө аккаунтка байланган номерлер көрсөтүлгөн.
- Негизги номер катары сиз Яндекс Go'до колдонгон номер көрсөтүлүшү керек. Эгер андай эмес болсо, керектүү номерди кошуңуз да, аны негизги кылып белгилеңиз.
Андан кийин колдонмону жаап, кайрадан ачыңыз. Эгер сизде iOS же Android системаларында Яндекс Go'нун эскирээк версиясы орнотулган болсо, аны жаңыртыңыз.
Кантип жазылыш керек?
Яндекс.Плюс жөнүндөгү маалыматта жазылууну кантип кошуп алса же өчүрүп койсо болоорун билип алыңыз.
Эгер сиз жазылуу акысын төлөп, бирок сапарларга арзандатуу албай калган болсоңуз төмөнкүлөрдү аткарыңыз
- Колдонмодо көрсөтүлгөн телефон номери сиздин Яндекстеги аккаунтуңузга байланган номер менен дал келээрине көзүңүз жетсин. Эгер андай эмес болсо, Яндекс Go колдонмосуна байланган номерди аккаунтка кошуп, аны негизги кылып белгилеңиз.
- iOS же Android системаларында Яндекс Go колдонмосун жаңыртыңыз.